ЖАМК: Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду

ЖАМК: Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, “Шоопур” деген каймана ат менен таанылган Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду. Маалыматты “Репортерго” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков тастыктады.

Басма сөз катчы учурда Илмияновдун жатак абакка которулушу боюнча толук маалымат даярдалып жатканын айтты.

Буга чейин бир катар басылмалар өздүк булактарына таянып Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулганы тууралуу жазып чыгышкан.

Атамбаевдин учурундагы Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, өлкөгө жеткирилген.

Башкы прокуратура ага 150 миң долларды алдамчылык менен алган деп “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен иш козгогон.

Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>