ЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификацияладыЕАЭБ жана АСЕАН алгачкы ирет деңиз аркылуу жүк ташуу тажрыйбасы менен алмашыштыТоктогулда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулдуЖогорку Кеңештин агрардык комитетинин төрагалыгына Кубанычбек Самаковдун талапкерлиги каралатАкыйкатчы институту №27 абакта соттолгондор үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди. ЖАМК мунун четке какты
30-июль. Кыргызстанда дагы 631 адамга коронавирус жукту, 1131 бейтап айыкты
30.07.2020 | 11:21
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 631 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 30-июлда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Соңку суткада коронавирус жуктуруп алгандар жашаган аймактар: Бишкек – 118
Ош – 89
Чүй облусу – 81
Ош облусу – 74
Талас облусу – 27
Нарын облусу – 13
Ысык-Көл облусу – 94
Жалал-Абад облусу – 85
Баткен облусу – 50.
18-марттан 30-июлга чейин өлкөдө жалпы 35 миң 143 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ал эми бир сутка ичинде илдеттен 1131 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы айыккан жарандардын саны 24 миң 474.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом