УКМК Кылычбек Султандын кайсы иш боюнча суралып жатканын айтты

УКМК Кылычбек Султандын кайсы иш боюнча суралып жатканын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы элчи Кылычбек Султандын эмне себептен суракка чакырылып жатканы боюнча түшүндүрмө берди.

Атайын кызматтын тараткан маалыматында, Кылычбек Султан Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы мүмкүн» деген бир катар эпизоддор боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылат.

УКМКдан кошумчалагандай, 27-июль күнү Султан Кыргызстан күбө катары дагы суракка чакырылган. Бирок ал көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыктан сурак башка күнгө жылдырылган.

Кылычбек Султан адвокаты Таалайгүл Токтакунова мурдагы элчи бийликти күч менен басып алуунун алкагында күбө катары суралып жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Кылычбек Султан Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезде элчиликтерде коррупциялык иштер тууралуу ачык айтып чыгып, андан соң кызматтан алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>