Касымалиев шайлоого кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартыларын билдирдиБишкектеги “Мадина резиденс” турак-жайын курууда мыйзам бузуулар аныкталдыКыргызстандын экспортун өнүктүрүү: ишкерлер үчүн жаңы куралдар даярдалдыӨткөн жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эрежесин бузган учур катталдыЖапаров ЕАЭБ алкагында баалуу кагаздардын чек ара аралык жүгүртүүсүнө уруксат берүү тууралуу макулдашууну ратификацияладыКыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүүдө
Ошко Москвадан 282 кыргызстандык кайтып келди
30.07.2020 | 12:08
30-июлда Орусиянын Москва шаарынан кыргызстандыктарды алып келген учак “Ош” аэропортуна келип конду.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чартердик каттам менен 282 кыргыз жараны учуп келген.
Орусиядан кайткандардын тизмеси атайын комиссия тарабынан жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде түзүлгөн.
Кайтып келгендер Орусиянын ЖОЖдорунда билим алган студенттер, төрөтү жакындап калган жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарын жоготкондор болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом