Дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова изделүүдө

Дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова изделүүдө

Криминалдык милиция кызматы бир айга жакын убактыттан бери дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекованы издеп жатат.

ИИМдин маалыматына караганда, Айтурган 5-июль күнү болжол менен 20:00 чамасында Ош шаарында үйдөн чыгып кетип, кайра келген эмес.

Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн

Белгилери: бою 160-165 см, чачы 30-35 см,  көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.

Алтынай Өмүрбекованын кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр-бир маалыматтарды билсеңиздер милицияга төмөнкү номурларга билдирип коюңуздарды суранабыз: 0551 040202, 0707 040202, 0556566184 же Криминалдык милициянын нөөмөт бөлүгү 0312 266261.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>