Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталуудаКыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалды
Бишкекке Дубайдан 175 кыргыз жараны учуп келди
31.07.2020 | 17:23
Бишкекке Дубайдан 175 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул каттам менен Оман, АКШ, Иордания, Индонезия, Германия, Түштүк Корея, Афганистан, Пакистан, Кувейт, Австрия, Швейцария өлкөлөрүнөн кыргызстандыктар кайтып келишкен. Алар Дубайдын аэропортунан транзиттик каттамга отурушкан.
“Дубай шаарынын аэропортунда каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тест алынып, жыйынтыгында оору аныкталган эмес”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом