Султан Ахматов Кыргызстандын экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
2016-жылдын май айынан бери бул кызматта Эльдар Абакиров отурган. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Ал эми Султан Ахматов буга чейин Экономика министринин Стратегиялык жардам башкармалыгын жетектеп келген.