Кыргызстандыктар декабрда канча насыя алышты жана эсептик чендин өсүшүнө карабастан, алар эмне үчүн арзандады?Бишкекте баңги лабораториясы табылып, 4 кгдан ашык баңгизат алындыБеш жылдык отчёт: Кыргызстандын экономикасынын «Ак илбирс секириги» модели түптөлдүКант шаарын беш жыл жетектеген мэр Улан Майлыбашев кызматын тапшырдыБишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» эл аралык илимий конференциясы өттүКазакстанда кафеде жарылуу болуп, 7 адам каза тапты
Баткендеги оорукананы реконструкциялоого 12 млн сом коротулат
11.08.2020 | 17:42
Баткен шаарында 90 орундуу эски поликлиниканын оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган объектинин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Анын сметалык баасы 12 миллион 256 миң сом, жалпы аянты 1 210 чарчы метрди түзөт.
Учурда аткарылган иштер: ички иштер 100 пайызга, чатыр асбест шиферин 50 пайызга, бетон, топурак жана шыбак иштери 55 пайызга, канализация 20 пайызга, электр линиялары 15 пайызга аткарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом