Саясый позициябыз туура келбей калды! “Супер-Инфо” менен SUPER.KG`нин жетекчилери иштен кетти

Саясый позициябыз туура келбей калды! “Супер-Инфо” менен SUPER.KG`нин жетекчилери иштен кетти

“Супер-Инфонун” жана SUPER.KG`нин бир нече жетекчилик кызматтагы адамдары иштен кетти. Бул тууралуу  “Супер-Инфо” гезитинин директору Шаиста Шатманова фейсбук баракчасына жазды. 

Ал аталган эки редакциянын жетекчилик кызматтагы адамдардын кетүү себебин саясий позициялардын туура келбей калуусу менен түшүндүргөн.

“Коомчулук үчүн бизде болгон бир жаңылыкты жарыялап коюуну туура көрдүм. Саясый позициябыз туура келбей калгандыгына байланыштуу “Супер-Инфодон” бир нечебизге (жетекчилер) кетүүгө туура келди.

“Супер-Инфо” гезитинде акыркы 13 жылдан бери такай иштеп келиптирмин. Бул аралыкта команда менен биргеликте далай кызыктуу иштерден, сыноолордон да өттүк. Бул мезгил аралыгы мен үчүн эң баалуу мектеп да, жашоо да болуп калат”, — деп жазган Шатманова.

Муну менен катар эле SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушева да аталгандай эле билдирүү жасап, бир нече жетекчилик кызматтагы адамдар кетип жатканын жазган. 

Соңку убакта Супер-Инфонун” жана SUPER.KG`нин ээси алмашкандыгы айтылып жаткан.  Тактап айтканда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колуна өткөнүн айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Гезиттин түзүүчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан муну четке каккан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>