Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
“Кыргызстан коммунистери” шайлоого катышуудан баш тартты
12.08.2020 | 18:03
“Кыргызстан коммунистеринин партиясы” Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Исхак Масалиев жетектеген саясий партиянын өтүнүчүн БШК 12-августта карап, аны канаатандырган.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия документтерин БШКга жөнөткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат