Орусияда кыргыз мигрант менен мушташкан телеалпаруучу кайрылуу жасады, – видео  

Орусияда кыргыз мигрант менен мушташкан телеалпаруучу кайрылуу жасады, – видео  

Москвадагы тез-татым жайларынын биринде кыргыз мигрантына кол салган  орус шоумени аталган окуя боюнча кайрылуу жасады. 

Ал аталган окуя боюнча тез-татым жайынын ээси кечирим сурагандыгын жана мурдагы пикири өзгөрүүсүз калганын айткан.

“Бир нерсе жакпагандар силерди мекениңер күтүп жатат.  Силер каалаган нерсеңерди жазып айта бергиле. Медалдын дайым эки бети болот. Менин өзүмүн пикирим бар болчу жана ал өзгөргөн жок”, — деп жазган шоумен. 

Белгилей кетсек, кечээ, 11-августта Vj Archi атту лакап аты менен таанымал орусиялык белгилүү теле алып баруучу Андрей Цветков, Москвадагы тез-татымдардын  биринде кыргыз мигрантты сөгүп, аягында кол көтөргөн.  

Жаңжалга тез-татым саткан жайга Андрей Цветков беткабын ылдый түшүрүп алып киргени себеп болгон. Ага беткабын кийүүсүн өтүнгөн кыргызстандыкка аргессивдүү жооп кайтарып, талаштын аягы мушташка айланган.

https://www.instagram.com/p/CDyNYHBK_Sr/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>