Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясы дагы 155 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек — 40
Ош – 11
Чүй облусу – 13
Ош облусу — 14
Талас облусу – 6
Нарын облусу – 11
Ысык-Көл облусу – 24
Жалал-Абад облусу – 24
Баткен облусу – 12.
Өлкө аймагында 18-марттан 18-августка чейин коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 42 миң 146га жетти.