ӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармадыКайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМКБыйыл өлкөдө 2,7 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 34 адам каза тапты
Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат
19.08.2020 | 14:36
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат.
Президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат