Кремль Навальныйдын ууланышы боюнча жооп берди

Кремль Навальныйдын ууланышы боюнча жооп берди

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный “ууландырылган” деген божомолдор боюнча комментарий берди.

“Уулануу болгон-болбогону лабораторияда ырасталышы керек. Анализдин жыйынтыгын күтүү керек” , — деди Песков журналисттер менен телефон брифинги учурунда.

Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага бараткан каттамда эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, саясатчы “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген.

Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш Навальныйды «чайга кошулган бир нерсе менен» ууландырышкан деп шек санап жатат. Анын айтымында, Навальный бул күнү чай гана ичкен.

Оппозициячыл активист өткөн жылдын июль айында, административдик жаза өтөп жаткан Москвадагы №1 убактылуу кармоо жайында ууланууга шек саналып ооруканага түшкөн. Кийинчерээк ал орусиялык бир катар активисттер, журналисттер, саясатчылар жана атайын кызматтын мурдагы кызматкерлери Юрий Щекочихина, Анна Политковская, Александр Литвиненко, Сергей жана Юлия Скрипаль, Петр Верзилов ууланышканын, буга орус бийлиги шектүү экенин эске салган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>