Сузакта балык уулоого кеткен өспүрүмдөр табылды

Сузакта балык уулоого кеткен өспүрүмдөр табылды

Сузакта балык уулаганы кетип, дайынсыз жоголгон балдар табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

20-августта, болжол менен саат 20:00 чамасында, эки бала (2010 жана 2012-жылы туулган) Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Масадан айылынын каналында балык уулап кетип, дайынсыз жоголуп кетишкен. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, милиция кызматкерлери жана дайынсыз жоголгондордун туугандары тартылган.

Натыйжада балдар 21-августта каналдын жанындагы үйдүн чатырынан табылган. Алар ата-энелерине өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>