Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Москвадан Ошко 191 кыргыз жараны учуп келди
21.08.2020 | 15:44
Москвадан Ошко 191 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-августта «Ош» эл аралык аэропортунда «Сибирь» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Аны менен 191 кыргыз жараны учуп келди.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан гуманитардын критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан жарандар, туугандарын жоготкон жана башка оор турмушка кептелген жарандар кирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом