«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Мелис Турганбаевдин кызматтык ыйгарым укуктары шайлоо бүткөнгө чейин токтотулду
25.08.2020 | 11:18
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Турганбаев парламенттик шайлоого катышат. Ал «Замандаш» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатат.
Мелис Турганбаевдин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар