“Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкерлердин толук тизмеси жарыяланды

28.08.2020 | 13:34

“Мекеним Кыргызстан” партиясы алдыңкы жыйырмалыктан кийинки тизмедеги талапкерлерин жарыялады. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазды.

Жыйырмалыкта эки адамдын орду өзгөргөн. Мурда 17-18-орундарда Данир Иманалиев жана Эрлист Акунбеков тураары айтылган. Эми Эрлист Акунбеков тизменин 35-катарына жылган.

Азыр 17-орунга Талантбек Сарбагышев коюлган. Ал 1997-жылдан 2018-жылга чейин ИИМде аркандай кызматтарын аркалап келген. 2016-жылы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты болгон, ал эми октябрь айында Чолпон-Ата шаарына мэр болуп дайындалган.

18-орунга болсо Дилшоджон Моминов келген. Ал ОАО “Нью степ” (оор жүк ташуучу унаалардын иш аракети) компаниясынын жетекчиси болгону айтылат.

[su_image_carousel source=”media: 39270″ crop=”none” autoplay=”4″]

№21 Урматбек Самаев – Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.  2019-жылдын июнь айынан тартып Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде төраганын орун басары. 

№22. Бактыбек Сыдыков  – Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат болгон. Бегилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу. 

№23. Данияр Абдыкаров – ички иштер министринин мурдагы орун басары.  

№24. Гүлшаркан Култаева –“Кыргызстан” партиясынан Ош шаардык кеңешинде депутат болгон.

№25. Бактыбек Райымкулов – Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутат болгон. Буга чейин Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп иштеп келген.

№26. Иса Өмүркулов – ЖКда СДПК фракциясынан депутат. Алмазбека Атамбаевдин кеңешчиси болгон, депутаттыкка чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.

№27. Алиярбек Абжалиев  –ЖКда “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат. Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

№28. Бөдөш Мамырова  – ЖКнын V чакырылышындагы “Ар-Намыс” фракциясынан депутат болгон.

№29. Туганбек Чолпонбаев – Каракол шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын лидери.

№30. Жанарбек Алымов– Бишкек шаардык кеңшинин депутаты, “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын лидери. Мурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жетекчилеринин бири болгон Айбек Осмоновдун агасы. Айбек Осмонов учурда “Ыйман Нуру”партиясынын катарында.  

№31. Канатбек Маматов– Кыргыз футбол союзунун башчысы. Маматов, Искендер Матраимовдун жубайы менен бирге “АвтоСтолица” фирмасын жетекетейт. Ибраимов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Эльдарадо” соода борбору жайгашкан участок мурда Маматовго таандык болгон. Ошондой эле Маматов “SUPER.KG” жана “Супер инфо” басылмаларын сатып алганы айтылып жүрөт.

№33. Ильхом Мананов – ЖКда СДПК фракциясынан депутат. Парламентке келгенге чейин Ноокат жана Араван райондорунун ИИБинде жетекчинин орун басары болуп иштеп келген. Милициянын майору.

№34. Бакытбек Адылов – миграция боюнча мамлекеттик кызматтын экс-төрагасы.

№36. Мария Исанова – Жогорку Кеңештин IV чакырылышында депутат болгон.  Кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары болуп жүргөн. Насирдин Исановдун кызы.

№38.  Абдиталип Акимов – 2012-жылы Кадамджай районунун акими болгон.

№39. Бактыбек Каналиев – Ош шаардык кеңешинде вице-спикер болгон. Минюсттун маалыматы боюнча, ОАО “Парк развлечений” компаниясынын түзүүчүсү.

№40. Татьяна Карыжинская – Адвокат. “Азаттык”, 24.kg жана Kloop.kg менен Матраимовдордун үй-бүлөсү соттошкондо алардын кызыкчылыгын коргогон.

№41. Мирлан Амантуров – Бишкек мэриясында мурда вице-мэр болгон. Ага чейин “Бишкекасфальтсервисти” бир канча жыл башкарган. 

№42. Шайлообек Атазов –“Ош-Тазалык” ишканасында жетекчи болгон. “Стандарт Профи”  коопсуздук агенттигине жана “Улан Жаштык Спорт” спорт клубуна ээлик кылат. Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунун машыктыруучусу. 

№43. Жапарбек Ормонов –  Ош шаардык кеңешинин спикери(КСДП).

№44. Жылдыз Мусабекова – Жогорку Кеңештин VI чакырылышында  КСДП фракциясынан депутат.

№46. Бахридин Шабазов – “Elite House” курулуш компаниясынын кожоюндарынын бири.

№47. Эрлан Базарбаев – Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин укук таануу жана бажы иштери кафедрасынын жетекчиси.

№48. Батыр Төрөбаев – “Өнүгүү – Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин агасы.

№49. Гүлай Машрапова – 2015-жылы  ЖКга “Өнүгүү – Прогресс” партиясынан талапкер болгон.  Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси.

№51. Алмазбек Рахманкулов –“Кыргызтелекомдун” башкаруучулар кеңешинин мурдагы төрагасы.

№53. Таалайбек Рысалиев  – “Кыргызнефтегаздын” жетекчисинин орун басары.

№54. Осмон Турдумамбетов  – Салык кызматынын Ленин районундагы бөлүмүнүн жетекчиси.

№55. Кыянбек Сатыбалдиев  – Жалал-Абад облусунда Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.  

№56. Дарья Маслова  – Жөө күлүк. Бир нече эл аралык мелдештердин женүүчүсү.

№57. Хамракул Жаныкулов – Араван Районунун Тепе-Коргон айыл аймагынын жетекчиси.

№58. Шерзодбек Умарбеков  – Сузак райондук кеңешинин депутаты.

№61. Бактыбек Абдиев –“Республика – Ата Журт” фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

№62. Ахмаджон Абдурахманов  – Айрым маалыматтарга караганда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында айыл өкмөтү болгон.  Учурда эмне жумушта иштеп жатканы белгисиз.

№64. Нургүл Аднаева – Кыргыз өкмөтүндө эксперт болуп иштеген.

№65. Алишер Козуев  –“Россия Нефть” компаниясында жетекчи. Компанияга Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова менен биргеликте ээлик кылат.

№66. Алишер Эрбаев – Мамлекеттик Бажы кызматында жетекчилик кызматтарда иштегени айтылат.   

№67. Нурбек Керимбеков – Аксы районунун “Аргымак”  федерациясынын президенти.

№58. Жогорку Кеӊештин Юридика бөлүмүнүн башчысы

№69. Казыбек Эргешов – “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинде депутат.

№71. Мирлан Маратов – 2016-жылы  “телефондук терроризм” иши боюнча соттолгон.

№77. Абас уулу Кубанычбек – 2018-жылдын июнь айында мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген. 

№78. Эркин Исматуллаев –  2015-жылы “Өнүгүү – Прогресс” партиясынан Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон. Ага чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутаты болгон.

№79. Тариел Жоробеков – Жогорку Кеңеште “Республика-Ата-Журт”  фракциясынан депутат болгон.

№80. Салтанат Назаралиева –Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жетекчинин орун басары,  6-төрөт үйүндө жетекчи болуп иштеген.  

№81. Бахтияр Шерматов –Жеке ишкер.

№82. Максат Алымбеков  – Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси.

№83. Аскарали Нишанов – ОсОО “Кант Экспресс Компани” компаниясынын ээси.

№86. Алмазбек Табалдиев  –Орусиялык маалымат базасында жеке ишкер катары катталган.

№87. Акжол уулу Жоомарт  – Жеке ишкер. ЖМКда Ноокатта 1 000 адам катышкан көк- бөрү уюштурганы айтылып жүрөт.

№89. Кутпидин Шакиров – Баткен облусунун Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы.

№90. Болот Жуманазаров  – Кеңеш айылынын айылдык кеңешининин депутаты.

№92. Зейнепкан Исраилова – Ачык булактарда Ош шаарында төрөт бөлүмүнүн жетекчиси деп жүрөт.

№93. Алтынбек Ташиев – Баткен облусунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы.

№94. Мелисбек Жунусов – Буга чейин эл аралык автоунаа ташуу ассоциациясынын жетекчиси экени айтылып келген.

№95. Абданбек уулу Белек  2015-жылы  Жогорку Кеңешке “Республика – Ата Журт” партиясынын талапкер болгон.  

№98. Турусбек Матиев –  “Туран-групп” курулуш компаниясынын жетекчиси деп айтылып жүрөт.

№99. Эсенов Азиз Сыргакович – “Республика” партиясынын саясий кеңешинде мүчө болгон.

№111. Рахат Адиев –Нарын шаарынын мурдагы мэри.

№112. Лунара Мамытова  – Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары.

№122. Мунарбек Сайпидинов – Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы.

№165. Олег Попиков – Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, ага чейин Октябрь  районунун акими болгон.

Scroll to Top