“Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкерлердин толук тизмеси жарыяланды

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкерлердин толук тизмеси жарыяланды

“Мекеним Кыргызстан” партиясы алдыңкы жыйырмалыктан кийинки тизмедеги талапкерлерин жарыялады. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазды.

Жыйырмалыкта эки адамдын орду өзгөргөн. Мурда 17-18-орундарда Данир Иманалиев жана Эрлист Акунбеков тураары айтылган. Эми Эрлист Акунбеков тизменин 35-катарына жылган.

Азыр 17-орунга Талантбек Сарбагышев коюлган. Ал 1997-жылдан 2018-жылга чейин ИИМде аркандай кызматтарын аркалап келген. 2016-жылы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты болгон, ал эми октябрь айында Чолпон-Ата шаарына мэр болуп дайындалган.

18-орунга болсо Дилшоджон Моминов келген. Ал ОАО “Нью степ” (оор жүк ташуучу унаалардын иш аракети) компаниясынын жетекчиси болгону айтылат.

[su_image_carousel source=»media: 39270″ crop=»none» autoplay=»4″]

№21 Урматбек Самаев – Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.  2019-жылдын июнь айынан тартып Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде төраганын орун басары. 

№22. Бактыбек Сыдыков  – Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат болгон. Бегилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу. 

№23. Данияр Абдыкаров – ички иштер министринин мурдагы орун басары.  

№24. Гүлшаркан Култаева –“Кыргызстан” партиясынан Ош шаардык кеңешинде депутат болгон.

№25. Бактыбек Райымкулов – Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутат болгон. Буга чейин Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп иштеп келген.

№26. Иса Өмүркулов – ЖКда СДПК фракциясынан депутат. Алмазбека Атамбаевдин кеңешчиси болгон, депутаттыкка чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.

№27. Алиярбек Абжалиев  –ЖКда “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат. Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

№28. Бөдөш Мамырова  – ЖКнын V чакырылышындагы “Ар-Намыс” фракциясынан депутат болгон.

№29. Туганбек Чолпонбаев – Каракол шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын лидери.

№30. Жанарбек Алымов– Бишкек шаардык кеңшинин депутаты, “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын лидери. Мурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жетекчилеринин бири болгон Айбек Осмоновдун агасы. Айбек Осмонов учурда “Ыйман Нуру”партиясынын катарында.  

№31. Канатбек Маматов– Кыргыз футбол союзунун башчысы. Маматов, Искендер Матраимовдун жубайы менен бирге “АвтоСтолица” фирмасын жетекетейт. Ибраимов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Эльдарадо” соода борбору жайгашкан участок мурда Маматовго таандык болгон. Ошондой эле Маматов «SUPER.KG» жана «Супер инфо» басылмаларын сатып алганы айтылып жүрөт.

№33. Ильхом Мананов – ЖКда СДПК фракциясынан депутат. Парламентке келгенге чейин Ноокат жана Араван райондорунун ИИБинде жетекчинин орун басары болуп иштеп келген. Милициянын майору.

№34. Бакытбек Адылов – миграция боюнча мамлекеттик кызматтын экс-төрагасы.

№36. Мария Исанова – Жогорку Кеңештин IV чакырылышында депутат болгон.  Кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары болуп жүргөн. Насирдин Исановдун кызы.

№38.  Абдиталип Акимов – 2012-жылы Кадамджай районунун акими болгон.

№39. Бактыбек Каналиев – Ош шаардык кеңешинде вице-спикер болгон. Минюсттун маалыматы боюнча, ОАО “Парк развлечений” компаниясынын түзүүчүсү.

№40. Татьяна Карыжинская – Адвокат. “Азаттык”, 24.kg жана Kloop.kg менен Матраимовдордун үй-бүлөсү соттошкондо алардын кызыкчылыгын коргогон.

№41. Мирлан Амантуров – Бишкек мэриясында мурда вице-мэр болгон. Ага чейин “Бишкекасфальтсервисти” бир канча жыл башкарган. 

№42. Шайлообек Атазов –“Ош-Тазалык” ишканасында жетекчи болгон. “Стандарт Профи”  коопсуздук агенттигине жана “Улан Жаштык Спорт” спорт клубуна ээлик кылат. Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунун машыктыруучусу. 

№43. Жапарбек Ормонов –  Ош шаардык кеңешинин спикери(КСДП).

№44. Жылдыз Мусабекова – Жогорку Кеңештин VI чакырылышында  КСДП фракциясынан депутат.

№46. Бахридин Шабазов – “Elite House” курулуш компаниясынын кожоюндарынын бири.

№47. Эрлан Базарбаев – Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин укук таануу жана бажы иштери кафедрасынын жетекчиси.

№48. Батыр Төрөбаев – “Өнүгүү — Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин агасы.

№49. Гүлай Машрапова – 2015-жылы  ЖКга “Өнүгүү — Прогресс” партиясынан талапкер болгон.  Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси.

№51. Алмазбек Рахманкулов –“Кыргызтелекомдун” башкаруучулар кеңешинин мурдагы төрагасы.

№53. Таалайбек Рысалиев  – “Кыргызнефтегаздын” жетекчисинин орун басары.

№54. Осмон Турдумамбетов  – Салык кызматынын Ленин районундагы бөлүмүнүн жетекчиси.

№55. Кыянбек Сатыбалдиев  – Жалал-Абад облусунда Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.  

№56. Дарья Маслова  – Жөө күлүк. Бир нече эл аралык мелдештердин женүүчүсү.

№57. Хамракул Жаныкулов – Араван Районунун Тепе-Коргон айыл аймагынын жетекчиси.

№58. Шерзодбек Умарбеков  – Сузак райондук кеңешинин депутаты.

№61. Бактыбек Абдиев –“Республика – Ата Журт” фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

№62. Ахмаджон Абдурахманов  — Айрым маалыматтарга караганда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында айыл өкмөтү болгон.  Учурда эмне жумушта иштеп жатканы белгисиз.

№64. Нургүл Аднаева – Кыргыз өкмөтүндө эксперт болуп иштеген.

№65. Алишер Козуев  –“Россия Нефть” компаниясында жетекчи. Компанияга Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова менен биргеликте ээлик кылат.

№66. Алишер Эрбаев – Мамлекеттик Бажы кызматында жетекчилик кызматтарда иштегени айтылат.   

№67. Нурбек Керимбеков – Аксы районунун “Аргымак”  федерациясынын президенти.

№58. Жогорку Кеӊештин Юридика бөлүмүнүн башчысы

№69. Казыбек Эргешов – “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинде депутат.

№71. Мирлан Маратов – 2016-жылы  “телефондук терроризм” иши боюнча соттолгон.

№77. Абас уулу Кубанычбек – 2018-жылдын июнь айында мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген. 

№78. Эркин Исматуллаев –  2015-жылы “Өнүгүү — Прогресс” партиясынан Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон. Ага чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутаты болгон.

№79. Тариел Жоробеков – Жогорку Кеңеште “Республика-Ата-Журт”  фракциясынан депутат болгон.

№80. Салтанат Назаралиева –Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жетекчинин орун басары,  6-төрөт үйүндө жетекчи болуп иштеген.  

№81. Бахтияр Шерматов –Жеке ишкер.

№82. Максат Алымбеков  – Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси.

№83. Аскарали Нишанов – ОсОО “Кант Экспресс Компани” компаниясынын ээси.

№86. Алмазбек Табалдиев  –Орусиялык маалымат базасында жеке ишкер катары катталган.

№87. Акжол уулу Жоомарт  – Жеке ишкер. ЖМКда Ноокатта 1 000 адам катышкан көк- бөрү уюштурганы айтылып жүрөт.

№89. Кутпидин Шакиров – Баткен облусунун Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы.

№90. Болот Жуманазаров  – Кеңеш айылынын айылдык кеңешининин депутаты.

№92. Зейнепкан Исраилова – Ачык булактарда Ош шаарында төрөт бөлүмүнүн жетекчиси деп жүрөт.

№93. Алтынбек Ташиев – Баткен облусунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы.

№94. Мелисбек Жунусов – Буга чейин эл аралык автоунаа ташуу ассоциациясынын жетекчиси экени айтылып келген.

№95. Абданбек уулу Белек  2015-жылы  Жогорку Кеңешке “Республика – Ата Журт” партиясынын талапкер болгон.  

№98. Турусбек Матиев –  “Туран-групп” курулуш компаниясынын жетекчиси деп айтылып жүрөт.

№99. Эсенов Азиз Сыргакович – “Республика” партиясынын саясий кеңешинде мүчө болгон.

№111. Рахат Адиев –Нарын шаарынын мурдагы мэри.

№112. Лунара Мамытова  – Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары.

№122. Мунарбек Сайпидинов – Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы.

№165. Олег Попиков – Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, ага чейин Октябрь  районунун акими болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>