Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
БШК: 15 партиядан депутаттыкка 1912 талапкер катталды
05.09.2020 | 11:55
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15 саясий партияга 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга уруксат берди. Бул тууралуу БШК нын маалымат кызматынан билдиришти.
Он беш партиядан депутаттыкка жалпы 1 миң 957 талапкерди көрсөтүлдү. Анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды.
Жалпысынан 1 миң 912 талапкер катталган.
1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32 пайызын аялдар түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар