Бишкек – Баткен аба каттамы кайрадан жанданды
Бишкек – Баткен – Бишкек аба каттамы кайрадан жанданды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-сентябрдан тарта Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар кайрадан ишке кирди. Өлкөдө коронавирус илдети жайылып, эпидемиологиялык кырдаал башталгандыгына байланыштуу ички каттамдар 25-марттан баштап убактылуу токтотулган болчу. Эми кайрадан жанданып, алгачкы каттамда Бишкектен Баткенге 94 жаран учуп келсе, Баткенден борборго 86 жаран учуп кетти.
“Учурда Баткен-Бишкек аба каттамы боюнча билеттер 3500сомдон 4200сомго чейин сатылып жатат. Каттамдар жумасына бир жолу – шейшемби күнү жүргүзүлөт.
Каттамдар “Тез Жет” авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
[su_image_carousel source=”media: 41024,41023,41022,41021″ crop=”none” autoplay=”4″]