Тихановская: Лукашенко бийликтен тынч кетсе, анын коопсуздугуна кепилдик берилет

Тихановская: Лукашенко бийликтен тынч кетсе, анын коопсуздугуна кепилдик берилет

Беларус президенттигине талапкер болгон Светлана Тихановская азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко бийликтен тынч жол менен кетсе, анын коопсуздугуна кепилдик берет. Бул тууралуу ал «Левый берег» украин басылмасына берген интервьюсунда билдирди.

«Мунун баарын талкууласа болот. Албетте, эгер ал адамча, тынч кетсе, мындай мүмкүндүк бар. Муну ишенимдүү түрдө айтса да болот. Жеке мен бардык кишилердин атынан сүйлөшүм керек. Элдин пикири бул маселеде эске алынат», – деди ал.

Буга чейин Лукашенко бийликти бирөөгө берип коюу үчүн албаганын, президенттиктен кетпей турганын билдирген.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өткөн. Ага чейин эле бийлик оппозициянын үч белдүү саясатчысын шайлоодон четтетип, алардын экөөнү камаган. Шайлоого катыша албай калган Сергей Тихановскийдин аялы Светлана Тихановская президенттикке талапкерлигин коюп, өзгөрүүнү каалаган элдин символуна айланган.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко кайра жеңип чыкканын жарыялаган. Шайлоо жыйынтыгы бурмаланганын, Лукашенко бийликтен кетип, өлкөдө өзгөрүү болушун талап кылып толкуган эл ошондон бери тынчый элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Беларусь

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>