Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Салык кызматы патенти жок иштеген таксисттерге айып салды
30.07.2019 | 12:03
Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында патенти жок иштеген 200дөн ашык такси айдоочуларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 520 субъектке рейддик салык контроль жүргүзүлгөн. Анын ичинен 221 айдоочуда экономикалык иш жүргүзүүгө патенти жок болуп чыкты. Рейддин жыйынтыгы боюнча 194 субъектке патент берилип, 27 субъектке административдик айып салынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом