Жакынкы сааттарда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, күтүлүп жаткан катуу шамалдын ылдамдыгы болжол менен секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Министрлик Чүй өрөөнүнүн жана Бишкек шаарынын тургундарын сак болууга чакырды.