Медиация милдеттүү болот: Садыр Жапаров эки маанилүү мыйзамга кол койдуКөптөн кийин үн катты. Сапар Исаков Кыргызстандагы энергетикалык кризис боюнча пикирин билдирдиБишкек мэри энергияны үнөмдөө шартында коомдук жайлардын иштөө тартибин тактадыКыргызстанда мүлк салыгы боюнча өзгөртүүлөр киргизилди«Евразия» пансионатынын жээгинде эркек киши катуу сабалып, каза болду. Шектүүлөрдүн арасында эки милиционер барНарында 4 баллдык жер титирөө болду
Жо Байден кызматына киришээри менен Трамптын бир катар буйруктарын жокко чыгарат
08.11.2020 | 14:41
АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаган Жо Байден 20-январда кызматына киришээри менен Дональд Трамптын бир катар буйруктарын жокко чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу The Washington Post маалымат булактарына таянып жазат.
Байден АКШны Париждеги климаттык келишимге кайтарууну, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДСУ) чыгып кетүүнү жокко чыгарууну пландап жатат.
Мындан тышкары, басылманын маалымат булактары билдиргендей, Байден көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнө багытталган иммиграциялык тыюуну тезинен алып салууну, ошондой эле АКШда бала кезинде мыйзамсыз алып келген адамдардын өлкөдө калуусуна жол ачкан программаны калыбына келтирүүнү каалайт.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар