Текебаев Сыймык Жапыкеевдин кухнясында конокто -видео

Текебаев Сыймык Жапыкеевдин кухнясында конокто -видео

Депутат Өмүрбек Текебаев Финполиция кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин тарыхый кухнясында конокто. Бул тууралуу Текебаев Жапыкеевдин үйүнөн тарткан видеосун “Фейсбукка” Динар Турдугулова жарыялады.

Анда депутат “Октябрь революциясынын негизги штабдарынын бири экенин айтып, саясатчы бул жерди “ тарыхый кухня” деп атады.

“Бул жерде отуруп, Жапыкеев жеке бийликке каршы чыгып, өз пикири менен элди ээрчите алды. Ушул кухнядан башталган иш тарыхый мааниге ээ десе эч ким ишенбейт эле. Бийликтин пропогандисттери Сыймык “элитный” батирде жашап жатат деп айтышкан.  Мен өз көзү менен көрүп жатам, кадимки эле “эконом класстагы” батир экен”, — деди Текебаев видеодо.

Өмүрбек Текебав аталган кухнядагы Жапыкеевдин иш орду менен дагы тааныштырганын видеодон көрүүгө болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>