Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланатИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштады
COVID-19: Кыргызстанда эки киши каза болуп, 567 адамдан аныкталды
13.11.2020 | 11:54
Акыркы суткада 567 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 136, Ош – 41, Чүй облусу – 96, Ош облусу – 65, Талас облусу – 17, Нарын облусу – 12, Ысык-Көл облусу – 57, Жалал-Абад облусу – 101, Баткен облусу – 42.
Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагы боюнча жалпы 65 миң 454 адамга коронавирус жуккан, анын 56 миң 307си сакайды.
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары: Бишкек – 1, Баткен облусу – 1.
Республикада жалпы 1 миң 195 адам коронавирустан көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом