Жапаров элчилер жана эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту

Жапаров элчилер жана эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту

Бүгүн, 13-ноябрда, президентинин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары жана консулдар менен жолугушуту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу, тышкы саясатын үзгүлтүксүз жүргүзүп, буга чейин жетишилген эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин алкагында бардык эл аралык милдеттенмелер так сактала тургандыгын белгиледи.

Ал ошондой эле 5-октябрда Кыргызстанда болгон окуялар парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнүн натыйжасынан улам келип чыкканын айткан.

Садыр Жапаров азыркы учурда мамлекеттик органдардын алдында актуалдуу милдеттер — өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, инвесторлордун ишенимин кайтаруу жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо коюлгандыгына токтолгон.

Ал тышкы саясаттын учурдагы артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө басым жасоо менен Кыргызстан союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен кызматташуусун чыңдоону уланта берерине ишендирип, коронавирус пандемиясына каршы турууда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу ошондой эле Кыргыз Республикасы ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, БУУ, ЕБ, КМШ, ТМКК сыяктуу жана башка негизги эл аралык түзүмдөр менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстан эл аралык коомчулук менен ар тараптуу кызматташуусу мындан ары да бекемделе берет деген ишенимин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>