Башкы прокуратура 1 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

Башкы прокуратура 1 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

Бишкек шаарындагы “Балалык” сейил багын оңдоодо курулуш иштеринин акысын негизсиз көтөргөн факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Байтик Баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бакты оңдоо үчүн тендерде “Ак-Ниет Курулуш” компаниясы жеңүүчү болгон.

Адегенде Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары менен компания жетекчилиги пайда табуу үчүн өз ара сүйлөшүп алышкандыгы аныкталган.  Натыйжада, “Ак-Ниет Курулуш” компаниясынын лицензиясында суу камсыздоо, канализация, электр камсыздоо сыяктуу иштерди аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгонуна карабай аны жеңүүчү кылышкан.

Аткарылган иштердин актыларын текшерүүдө, айрым иштердин баасы 1 043 887 сомго жогорулатылгандыгы тастыкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен иш боюнча жагдайларды  ар тараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн Жазык кодексинин

(“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана (“Өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү”) беренелеринин негизинде сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>