Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салындыКыргызстан айыл чарбага спутниктик технологияларды киргизүүдөБакыт Төрөбаев: Айылдарда ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керекТөлөп беребиз деп убадалап, дайынсыз жоголушкан: Чүй облусунда алдамчылык фактысы аныкталдыЭквадордо теракт болду. Унаа жарылып, бир адам каза болуп, экөө жаракат алды
Атамбаевдин абактагы жашыруун видеосу Жээнбековдун кабинетинен табылган – видео
17.11.2020 | 18:34
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жактоочу Сергей Слесаревдин жолугушуусу видеого жаздырылып турган. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Facebook баракчасына жазып, видеонун кыскача бөлүгүн жарыялады.
Жоошевдин айтымында, видео 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта Ак үйдүн 7-кабатындагы Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн табылган. Видеонун дисигин адвокатка берген адам аты-жөнүн ачыктаган эмес.
Дисктин сыртында “27.07. 2020 СИЗО.
АША – Слесарев. Узактыгы: 42 мин” деп жазылган.
Видеодон тергөө абактын жолугушуу бөлмөсүндөгү Атамбаев менен Слесаревдин сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот.
Адвокат Замир Жоошев бул боюнча Башкы прокуратурага арызданарын белгилеп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом