Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Ноокен милициясын Алтынбек Мусаев жетектейт
24.11.2020 | 18:53
Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп милициянын подполковниги Алтынбек Мусаев дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчи болуп Мусаев Алтынбек Бакытбекович дайындалган. Кырк жаштагы Мусаевдин наамы подполковник.
Ал Сузак районунда төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМинин академиясын аяктап, ички иштер органдарында оперативдик кызматтарда иштеген. Алтынбек Мусаев буга чейин Ноокен РИИБинин жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом