Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалды

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалды

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда ал 4-октябрда өткөн шайлоо учурунда кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгы үчүн стратегиялык мааниге ээ мекеменин жетекчисинен 7 млн сом талап кылып, баш тарта турган болсо кызматтан кетирерин айткан.

Ошондай эле ал жеке кызыкчылыгын көздөп мыйзамсыз алган акчаны шайлоодо көп добуш алуу үчүн үгүт өнөктүгүнө жумшаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (“кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, Дыйканбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул ишке катыштыга бар башка адамдарды аныктөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>