Жер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилдиКыргызстан үчүн ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна катышуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт
Садык Шер-Нияз эми биртууганы менен бет карашпай калабы?
30.11.2020 | 14:54
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз биртууганы Баткен Шерниязов менен бет карашпай калабы? Мындай суроону социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Анткени Баткен Шерниязов агасы президенттик шайлоого аттанган күнү Фейсбугуна төмөндөгүдөй билдирүү жазган болчу.
«Бүгүн агам Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого аттана турганын айтты. Мен агама жолугуп Саке аягына чейин барасызбы деп үч жолу суроо узаттым.
Жообу: Баткен эгер аягына чейин барбай турган болсом, өмүр бою мени менен учурашпай өт – деп жооп берди», – деп жазган ал.
Бүгүн, 30-ноябрда Садык Шер-Нияз Садыр Жапаровду колдой турганын айтып, президенттикке болгон талапкерлигин алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом