Китепканалардын кереги жок! Ошто депутат мэрге кызыктай сунуш киргизди

Китепканалардын кереги жок! Ошто депутат мэрге кызыктай сунуш киргизди

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбеков бүгүнкү күндө китепканалардын кереги жок экенин айтып, аларды жоюп салууну сунуштады. Бул тууралуу ал шаардык кеңештин кезектеги жыйынында айтканын T-media интернет порталы жазып чыкты.

Ал китепканаларга бюджеттен жөн эле акча короп жатканын жүйө келтирип, ушундай мекемелер көп экенин белгилеген.

“Бүгүнкү күндө шаарда китепканалардын таптакыр кереги жок да. Жөн эле акчаны, бюджетти алып жатат. Ушундай ишканалардын бүт баарын жоюп койсоңуз туура болот да. Мамлекеттин акчасын жеп, элден топтоп алабыз, кайра эле ушундай туура эмес багытка кетип калган, калыптанып калган системалар бар. Ошону чечкиндүүлүк кылып жоюп салыш керек. Мындай ишканалардан 7, 8ди айтып берем сизге”,- деген Каримбеков.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардык кеңештин депутатынын айтканын четке какты.

“Эми китепкана болуш керек. Шарттарды да түзүп бериш керек. Бүгункү күндөгү китепканалардын жакшы иштебегени убагында ачылбаганы болуп жатат. Бирок китеп окуучуларды дагы эске алышыбыз керек”,- деген Сарыбашов.

Шаардык кеңешинин депутаттары Ош мэриясынын 9 ай ичинде аткарган жумуштары боюнча отчеттун угуп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>