Жаш кыз рулда: Кайгуул милициясы өспүрүмдөргө унаа бербөөнү эскерттиЖККУнун баш катчысы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгын жогору бааладыУКМК жаш IT-адистерди жана дрон инженерлерин кызматка чакырдыСадыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай ортосундагы түбөлүк достук келишимин ратификацияладыМинкаб башчысы: Жасалма интеллект адамды алмаштыра албайтКыргызстанда Россия киносунун фестивалын “Август” тасмасы ачат
“Манас Ордодо” 24 саат Манас айтылат
02.12.2020 | 14:37
“Манас Ордодо” бир күн манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-декабрь “Манас күнүнө” карата Талас облусундагы “Манас Ордо” комплексинде иш-чара өткөрүп, анда бир сутка бою Манас айтылат.
Азем Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00 токтотулат.
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.
Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом