Референдум дайындоо тууралуу мыйзамга Талант Мамытов кол койду

12.12.2020 | 12:11

Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду  дайындоо тууралуу мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзамга кечээ, 11-декабрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон. 

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Анда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Scroll to Top