Бир күндө 341 адамдан коронавирус табылды

Бир күндө 341 адамдан коронавирус табылды

Бир күндө 341 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Илдет табылгандардын көпчүлүгү Бишкектин тургундары.

«Бишкек шаарында 112 кишиден, Ош шаарында 4, Чүй облусунда 93, Ош облусунда 14, Талас облусунда 6, Нарын облусунда 2 , Ысык-Көл облусунда 58, Жалал-Абад облусунда 35, Баткен облусунда 17 адамдан коронавирус илдети аныкталды», — деп билдиришти штабдан.

Ошондой эле соңку суткада 453 адам илдеттен сакайып, үйлөрүнө чыккан.

Муну менен Кыргызстанда аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны 77059га жетти. Анын ичинен 69 794ү сакайган.

Соңку суткада коронавирус илдетинен Кыргызстанда каза тапкандар болгон жок.
Пандемия башталгандан бери 1307 кыргызстандык көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>