Кыргызстанда эл аралык жана ички каттамдар жумасына канча ирет аткарылат? (тизме)
Бүгүнкү күндө Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан жана Орусияга үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына ички авиакаттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу эл аралык “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Түркия:
Бишкек – Стамбул – Бишкек, жумасына бир жолу, “AviaTrafficCompany”;
Стамбул – Бишкек – Стамбул, жумасына 5 жолу, Түрк аба жолдору;
Стамбул – Бишкек – Стамбул, жумасына 7 жолу, Pegasus Airlines;
Анталия – Бишкек – Анталия, жумасына бир жолу, Pegasus Airlines.
Орусия:
Москва – Бишкек – Москва, жумасына бир жолу, Аэрофлот;
Бишкек – Москва – Бишкек, жумасына бир жолу, AviaTrafficCompany.
Казакстан:
Алматы – Бишкек – Алматы, жумасына 2 жолу, Эйр Астана.
БАЭ:
Дубай – Бишкек – Дубай, жумасына 3 жолу, Fly Dubai.
Өзбекстан:
Ташкент – Бишкек – Ташкент, жумасына бир жолу, “Узбекистон Хаво Юллары”.
Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдары AviaTrafficCompany жана Tez Jet тарабынан жүргүзүлөт:
Бишкек – Ош – Бишкек, “Tez Jet” күнүнө 3 маал (жумасына 21 рейс).
Бишкек – Ош – Бишкек, AviaTrafficCompany күнүнө бир жолу (жумасына 7 рейс).
Жалал-Абад – Бишкек – Жалал-Абад, жумасына бир жолу “Tez Jet”.
Бишкек – Баткен – Бишкек, жумасына бир жолу “Tez Jet”.
Исфанага ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттарга учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралууда.