ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болотКыргызстан менен ЕРӨБ 400 млн евролук инфраструктуралык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол койдуАскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалды
УКМК: Ош мэриясынын кызматкери Кылычбек Саркарбаев камакка алынды
17.12.2020 | 10:00
Документ жасалмалоого айыпталып, Кылычбек Саркарбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кылычбек Саркарбаев чыныгы аты –жөнүн жашырып, жасалма документ менен жүргөн.
Анын чыныгы аты-жөнү Кылыч Сулайманов болгон жана 2006-жылы “каракчылык” беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Бул фактыны жашыруу максатында кийин аты-жөнүн Кылычбек Саркарбаев кылып озгөртүп, мамлекеттик кызматта карье́ра жасап, Ош шаардык мэриясынын спорт комитетин жетекчилигине чейин жеткен.
Буга байланыштуу Саркарбаев документ жасалмалоо фактысы боюнча камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле маалыматта Саркарбаев “Дженго” аттуу кримтөбөл менен да жакшы мамиледе экени айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар