Талант Мамытов бир катар сотторду дайындады

Талант Мамытов бир катар сотторду дайындады

Президенттин м.а. Талант Мамытовго айрым шаарлардагы жана райондордогу судьялардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү бүткөнүнө байланыштуу алардын ордуна дайындоого 20 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Талант Мамытов тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алып, судьялык кызматка 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштары менен макул болгон.

Ал эми калган 11 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка сунушталган бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарган.

Мамытов 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарын чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилген:

— Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна:

Байсов Кылыч Таштанбекович;

Касымалиев Бакыт Мукамбетович;

Суйеркулов Эрлан Оморалиевич;

Сокулук райондук сотуна:

Самудинов Кубанычбек Бердибекович.

Панфилов райондук сотуна:

Тагаев Тилек Мамедович.

Токмок шаардык сотуна;

Астаркулов Данияр Шаршенбекович.

— Ош облусу:

Ош облустук сотуна:

Майлубашов Нурбек Рысбаевич.

— Бишкек шаары:

Бишкек шаардык сотуна:

Калбаев Алмаз Тургуналиевич.

Свердлов райондук сотуна:

Саткынбаев Рустам Шайлобекович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>