Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрда башталат
17.12.2020 | 15:32
Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев “Ала-Тоо 24” каналынын эфиринде билдирди.
Окуучулар 2021-жылдын 12-январына чейин эс алышат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко кышкы каникулду 14-декабрдан 2021-жылдын 18-январына чейин улантууну сунуш кылган. Бирок Билим берүү министрлиги бул демилгени колдогон жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом