Кыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдөКРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдүКР Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча чаралар аныкталдыБаалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштадыТрамп Иранды таш дооруна кайтарам деп коркутту — АКШ президентинин кайрылуусунун негизгилери
Матраимов жалпы эсепке 1 млрд 223 млн сомдон ашык каражат которду
21.12.2020 | 14:48
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жарыяланган экономикалык мунапыс боюнча ачылган эсепке 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом которду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Министрлик жалпы эсепке 1 миллиард 345 миллион сом түшкөнүн белгиледи.
Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.
20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика