УКМК Камчыбек Ташиевдин “жакын тууганын” кармады

УКМК Камчыбек Ташиевдин “жакын тууганын” кармады

Түрмөдө жаткандарды мунапыс менен бошотом деп алдамчылык менен акча алган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Улуттук коопсуздук комитети өзүн Муканбетов Санжар Турдукожоевич деп тааныштырган адам, УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин жакын тууганы экенин айтып, абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча алып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн натыйжасында, ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакта  жаза өтөп жаткан 33 жаштагы «Алдамчылык», «Жасалма Документтерди даярдоо» жана «абактан качуу» беренелери менен айыпталган  Санжар Салибаев экени белгилүү болгон.

Учурда, топтолгон материалдардын жыйынтыгы боюнча, сотко чейинки өндүрүш башталган.

“Мунапыс жарыялоо УКМКнын компетенциясына кирбейт, анткени “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуунун предмети сот органдары болуп саналат.

УКМК эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз, анда укук коргоо органдарына токтоосуз кайрылууңузду эскертет”, — деп айтылат коопсуздук комитетинин маалыматында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>