2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Башына баштык кийгизилип, буттары байланган. Орусияда кыргыз кишинин жансыз денеси табылды
23.12.2020 | 12:07
Орусияда кыргыз жаранынын киши колдуу болуп каза тапкан жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Piter.TV басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 21-декабрда Орусиянын Ленинград облусундагы Приозерск шаарындагы уйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн башына баштык кийгизип, буттары байланган жансыз дене табылганы тууралуу полицияга маалымат түшкөн.
Полиция иликтөө иштерин жүргүзүп, анын дайынсыз болуп изделип жаткан 45 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү экенин аныкташкан.
Ошондой эле маалыматта кыргызстандыкты өлтүрүүгө шектелип, 52 жаштагы жергиликтүү тургун кармалганы айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар