Журналист Бейшенбек Бекешов каза болду

27.12.2020 | 17:47

Журналист Бейшенбек Бекешов каза болду. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыкташты.

Маалыматка караганда, Бейшенбек Бекешов бүгүн, 27-декабрда, саат 12:30 чамасында жүрөгү кармап каза болгон.

Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Балбай айылында жерге берилет.

Бейшенбек Бекешов 61 жашта болчу.  

Scroll to Top