Артём Новиков жаш кыл калем чеберине планшет белек кылды — видео

Артём Новиков жаш кыл калем чеберине планшет белек кылды — видео

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жаш художникке планшет белек кылды. Бул тууралуу өзү «Фейсбук» баракчасына жазды. 

Маалыматка караганда, «Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору өлкө боюнча жетим балдар интернаттары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында “Жаңы жыл – жаңы үмүттөр” аталышындагы долбоор баштап, ошол жерде сүрөт конкурсу уюштурулган.

Тандалып алынган мыкты сүрөттөр мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка ведомстволорго Жаңы жылдык куттуктоо белеги катары жөнөтүлгөн.

Бул чэллендждин алкагында өкмөт башчы Артём Новиковго да жаш кыл калем чеберлеринин биринин белеги берилип, ага жооп катары атка минер планшет белек кылган.

Ошондой эле Новиков бул эстафетаны улантууга колдоо көрсөтүп, башка да жогорку кызматтагы адамдарды чэлленджге активдүү катышып берүүсүн өтүнгөн.

«Билим берүү жана илим министрлигинин мага узаткан эстафетасын чоң кубануу менен кабыл алам! Кичинекей мекендештерибиздин көркөмдүү сүрөттөрү мага да келип жетти! Фантазияларына баа бердим!», — деп жазган премьер — министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>