Акыркы суткада илдет 189 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 65, Чүй облусу – 63, Ош облусу – 13, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 24, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 8.
Бүгүнкү күнгө чейин вирус 80 миң 843 адамга жуккан, анын 75 миң 624ү сакайды.
Ал эми соңку суткада бир киши илдеттен каза болду, өлкө аймагында бүгүнкү күндү эсепке алганда 1 миң 354 адам коронавирустун курмандыгы болду.