Өзбекстан куруп берген дагы эки оорукана ишке кирди – сүрөт  

Өзбекстан куруп берген дагы эки оорукана ишке кирди – сүрөт  

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда модулдук конструкциядагы 2 жаңы оорукана ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Бүгүн, 29-декабрда Бишкектеги жеңил конструкциядагы 176 орундуу оорукананын, Чүйдөгү 24 орундуу бейтапкананын ачылышы болду. Аталган объекттер бир айга жетпеген аралыкта бүткөрүлүп, ал толугу менен Өзбекстан тарабынан каржыланган.

Жаңы медициналык эки уюмдун ачылыш аземи КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстан мамлекетинин өкмөт башчысынын кеңешчиси Хайриддинов Мехриддин баштаган делегациянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосунда контейнерлерден тургузулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилген болчу.

Бишкек шаарындагы, Чүй жана Баткен облустарындагы бул медициналык уюмдар керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

[su_image_carousel source=»media: 53056,53057,53058,53059,53060″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>