Өзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталды
Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер шайлоого катышуудан баш тартты
30.12.2020 | 13:54
Президенттикке талапкерлердин бири Рашид Тагаев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын штабы кабарлады.
Ал талапкерлигин кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтер жөнөткөн.
Тагаев эмне себептен талапкерлигин алганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
«Учурда саясий кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан, чукул чечимдерди кабыл алууга туура келип жатат. Мындан ары мен өз позициям менен эле өлкөнүн туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн кызмат кылуумду уланта бермекчимин», — деген ал.
Белгилей кетсек, президенттик кызмат ордуна 18 талапкер ат салышып жаткан, эгер БШК Тагаевдин талапкерлигин алса анда 17си калат.
Мөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат