Экинчи “В5+1” форуму: Бишкекте Борбор Азия жана АКШ диалогуна даярдык талкууландыБишкек абанын булганышы боюнча 70-орунду ээледиКыргызстан энергетикалык системаны бекемдейт: энергия топтоо системасын өнүктүрүү меморандумуна кол коюлду«Этиканын талаптарын сактаган жок»: Илим жана жогорку билим берүү министри кызматынан бошотулду«Old Bishkek» имаратынын ашыкча кабатын бузуу иштери башталдыСадыр Жапаров Жапониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчисин кабыл алды
Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер шайлоого катышуудан баш тартты
30.12.2020 | 13:54
Президенттикке талапкерлердин бири Рашид Тагаев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын штабы кабарлады.
Ал талапкерлигин кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтер жөнөткөн.
Тагаев эмне себептен талапкерлигин алганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
«Учурда саясий кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан, чукул чечимдерди кабыл алууга туура келип жатат. Мындан ары мен өз позициям менен эле өлкөнүн туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн кызмат кылуумду уланта бермекчимин», — деген ал.
Белгилей кетсек, президенттик кызмат ордуна 18 талапкер ат салышып жаткан, эгер БШК Тагаевдин талапкерлигин алса анда 17си калат.
Мөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат